Футбол боюнча Кыргызстандын 21 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн жаштар курама командасы 2015-жылкы Шериктештик кубогуна даярдыкты баштады. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 15-26-январь аралыгында өтө турган мелдешке барчу курамга 20 футболчу кирет. Машыгуу сборунун экинчи этабы 15-30-декабрь аралыгында өтөт.