Саламат Садыкованын кызы Кундуз Авашова: "Апам уурдалган акчасына батир алам деп жүргөн"

Ырчы Саламат Садыкованын үйү тонолгонун укук коргоо органдары маалымдашкан. Бул боюнча 4-декабрда SUPER.KG порталына Саламат Садыкованын кызы Кундуз Авашова: "Апамдын Бишкек шаарынан батир алам деп топтоп жүргөн акчасы бар эле. Бирок ылайыктуусун таппай, ана-мына дегиче ал акчаны уурулар пайдаланып кетишти",- деп билдирди.
Окуя 2-декабрда ырчынын Бишкек шаарынын 6-кичи районунда жайгашкан үйүндө орун алган. "Бирөөнүн маңдай тери менен тапкан эмгегин уурдап жеген адамдар арабызда кантип басып жүрүшөт?! Уурулар апамдын жана кызымдын үйдө жоктугунан пайдаланып, эшиктин кулпусун бузуп киришиптир. Уктоочу бөлмөдөгү зер буюмдарга тийбей, ошол акчаны табыш үчүн болгон жердин баарын аңтарып, чачышыптыр. 
Дагы жакшы, ал күнү апам жумушта кармалып, үйгө кеч кайткан экен. Жакында эле машинасынын 4 дөңгөлөгүн чыгарып, бирөөсү унаасын сүзүп кеткен. Бирок алар кармалышып, кайра кечирим сурап, чыгымды төлөшкөн. Апамдын артынан аңдыган адамдар болушу мүмкүн. Ал үчүн да азыр менде уйку жок. Тынчсызданганымдан кан басымым көтөрүлүп, дары ичип отурам. Болгон окуяны милицияга айтып түшүндүрдүк. Алар бул ишти иликтеп жаткандарын айтышты",- дейт Кундуз Авашова. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Compact
2014-12-04 16:00:02
Кыргызстанда уурулар аябай кобойду. Дагы жакшы уйдо эч ким жок экен. Болбосо, алар адам олтуруудон да кайтышпайт. Ууруну корсон олгонсуп жатып кала турган болуп калдык ((
+2
Arti
2014-12-04 16:00:26
Кантип бироонуну эмгенин уурдап жешет. Ал тамак деле аш болбойт го. Баш аман болсо баардыгы табылат. Кундуз коп кайгырба эми. Ден соолук керек. Эл адамдарын ак эмгегин жегенде табылып, жазаларын алышына тилектешпиз.
+2
bossmos7
2014-12-04 16:02:35
Уят! Кыргыздар!Маданиятыбыздагы Кыргыз Ыр дуйносунун дуйного созолоткон.Бир эжебизди ушундай акыбалга алып келсек! Абдан окунучтуу! Кылмышкерлерди таап,жузун тасма тартып. Корсотууп.Катуу жазага тартуу керек. Ушул эжебиздин эмгегин баалап!Кайра жардам кыла турган Эл болбогонубузга! Окуном!
+4
missO
2014-12-04 16:04:24
кап. жаман болуптур. уурулар табылып калсын!
+2
kama_future_millioner
2014-12-04 16:59:13
Табылып калсын ылайым
+1
Zara_KARA-KULJA
2014-12-04 17:07:01
Урууларга каршы катуу жаза коруш керек,болбосо уруучулук айабай кобойду.бул Саламат эже болгону учун издоо жарыяланат.карапайым калк канчалаган малдарын уурдатып жатат кун сайын,жыл сайын кучогондон кучоп баратат
+1
Gulnur1980
2014-12-04 18:19:10
Алыстан издебегиле ууруну озунор тааныган билген адам эле кылат бул нерсени,окунучтуусу ошол "тааныш" сен жакшы деп жургон адамдардан чыгат мындай кылгылыктар!
+5
Bella-life
2014-12-04 20:16:43
Ушул эжени уурулар аңдып турабы?!
Качан окубайын уурдап кетти деп жүрөтко.
Былтырда көлдөн тоноп кетишти беле.
Балким өзүнө өчөшкөн кишиси бардыр.
Ууру алыстан келбейт, душман ууру дайыма жаныңда жүрөт, бирок биз сезбейбизда...
+3
Boldukan86
2014-12-04 22:34:04
билген адам тарабынан жасалганго. Кочогоду ууру болгондо зер буюмдарын кымбат баалуу нерселерин бут алмак эледа.
+1
Kanabek
2014-12-06 02:59:00
Бала барбы биронун уйуно урулука кирип ээ иште андан коро деген адам жок болтат и урууларда жок болтат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан