Бүгүн, 4-декабрга караган түнү Орусиянын Чеченстан Республикасынын Грозный шаарында
теракт уюштурган согушчандар мектепте жашынып жатышат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Маалыматтарга ылайык, борбор калаада ок атышуу уланууда. "Жалпысынан согушчандар тарабынан 7 адам, Жол-кайгуул кызматынын 3 инспектору жана 4 ОМОНчу каза болгон. Террорчуларга каршы операцияны Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров жетектеп жатат. Анын айтымында, бандиттер 12-декабрда, Конституция күнүндө теракт уюштурууну пландап жатышкан. Ал операция бүтмөйүнчө тургундардан сыртка чыкпоону суранган",- деп жазышат басылмалар.
Эскерте кетсек, бүгүн согушчандар укук коргоочулар менен атышкан соң Басма үйүнө жашынып
алышкан.