Баткен суу чарба башкармалыгынын бөлүм башчысы 10 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды

Баткен суу чарба башкармалыгынын бөлүм башчысы 10 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу 4-декабрда Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын 20-ноябрында Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан Облустук суу чарба башкармалыгында аудитордук текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Мекеменин бөлүм башчысы А.А. текшерүүнү токтотуп коюу үчүн 2014-жылдын 2-декабрында Облустук ички иштер башкармалыгынын 5-бөлүмүнүн кызматтык кабинетинде 10 000 сом акча каражатын пара катары берип жаткан жеринен кармалды. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, колго түшүрүлгөн жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан