Ошто агасы карындашынын жигитин жактырбай бычактап салды, жабырлануучунун абалы оор. Бул тууралуу 4-декабрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка караганда, Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 25-ноябрь күнү моюнуна
жана көкүрөгүнө бычак сайылып, 1993-жылы туулган Х.Х. аттуу тургун оор абалда келип түшкөн.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында
бул кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Н.Ш. кармалды. Ал "адам
өлтүрүүгө аракет жасоо" беренеси менен шектелип Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Шектүү Н.Шнын айтымында, жабырлануучу жигит анын карындашына
келип, мамиле түзүүгө аракет жасаган. Ал болочок күйөө бала өзүнө жакпагандыгын айтып, карындашынын мамилесине тоскоол болуу максатында кылмышка барганын билдирген. Натыйжада өз ара пикир келишпестик мамиледен жабырлануучу менен шектүүнүн ортосунда чыр чыккан.