Бүгүн Ички иштер министрлиги Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовго эл аралык издөө жарыяланары тууралуу маалымат тараткан. Маалыматка караганда, буга чейин экс-мэрди Кыргызстандын аймагынан издешкен. Бирок ал өлкө аймагында жок болгондуктан, башка мамлекеттерден Интерпол аркылуу издөө чечими чыгарылган.
Мелис Мырзакматовго "Ош шаарынын мэри болуп турганда кызматтык абалынан пайдаланып, эч кандай техникалык-экономикалык негиздемеси жок эстакадалык көпүрөнү каржылоого жана курууга Оштун жетекчилерине мыйзамсыз буйрук берген" деген айып тагылууда.
Интерполдо Мелис Мырзакматовго издөө салуу тууралуу азырынча маалымат жок. Белгилей кетсек, 2010-жылкы революциядан кийин Убактылуу өкмөт экс-президент Курманбек Бакиевге эл аралык издөө жарыялоо өтүнүчү менен Интерполго кайрылып, бирок аталган уюм сунуштан баш тарткан. Интерпол баш тартуусун "диний, саясий, аскердик жана расалык маанайдагы конфликттерге уюм кийлигише албайт" деп түшүндүргөн. Уюм качкын президенттин улуу баласы Марат Бакиевге да издөө жарыялоодон баш тарткан. Интерпол Жаныш Бакиевге, Акмат Бакиевге, Максим Бакиевге жана Жаныш Бакиевдин уулу Искендер Бакиевге издөө жарыялаганы белгилүү.