Рамзан Кадыров: "Чеченстанда террорчуларга каршы операция аяктады"

Чеченстандын борбору Грозный шаарында теракт уюштурган террорчуларга каршы операция аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда аталган республиканын президенти Рамзан Кадыровго шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазышты.
Р.Кадыровдун айтымында, укук коргоо түзүмдөрү 15-20 мүнөттө согушчандарды жок кыла алышты. "Операцияны жүргүзүп жаткандардан эч ким жаракат алган жок. Ал эми согушчандардын 9у каза тапты. Атышуу болгон жерде да өлүктөр изделүүдө",- деди Чеченстандын лидери.
Мындан тышкары ал бүгүн террорчулардын колунан курман болгон укук коргоочулардын үй-бүлөлөрүнө 1 миллион рубль берилерин баса белгиледи.
Эскерте кетсек, 4-декабрга караган түнү саат 01:00 чамасында Грозный шаарында үч унаада жүргөн белгисиз адамдар Жол-кайгуул кызматынын инспекторлорун аткылай башташкан. Андан соң алар Басма үйүнө киришкен. Борбор калаада террорчулукка каршы операция режими киргизилгенОкуя болгон жерге ИИМ, ӨКМ жана Федералдык коопсуздук кызматынын түзүмдөрү тартылып, Басма үйү курчоого алынган. Согушчандардын башка тобу мектепте жашынып, ок атышууну улантышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан