Бишкекте өрт кырсыгынан 2 адам кайтыш болду

Бишкекте 4-декабрь күнү өрт кырсыгынан 2 адам кайтыш болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт кечээ кечинде Тоголок Молдо көчөсүндөгү барак тибинде курулган үйлөрдүн биринен чыккан. Үйдүн ичи түтүнгө толуп, өрт өчүрүүчүлөр бөлмө ичинен эки адамдын жансыз денесин алып чыгышкан. Көз жумгандардын өздүгү такталды, алар: үйдүн кожоюну (1976-жылы туулган) жана анын 49 жаштагы жакын досу. Алар күйүп кеткен азык-түлүктөн ууланып каза болгону айтылууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
marra
2014-12-05 09:22:02
жаткан жерлери жайлуу болсун,жаман иш болуптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан