Экс-мэр Иса Өмүркуловдун баласын сабап, унаасын айдап кеткендер кармалышты

“Экс-мэр Иса Өмүркуловдун баласын сабап, унаасын айдап качып кетишкен” деп шектелген 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалгандар 1983, 1987, 1990-жылы туулган Аксы районунун тургундары болушкан. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрь күнү саат 04:20 чамасында 25-27 жаштагы 4 адам Бишкек шаарынын Москва көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде 19 жаштагы Бакай Өмүркуловду тапанча менен коркутуп, Мерседес-Бенц GL350 үлгүсүндөгү унаасын тартып алышкан. Андан соң Бакай Өмүркуловду күчтөп унаага салышып, Чоң-Арык айылына алып барышкан. Ал жактан сабап, таштап кетишкен.

Бул факты боюнча "каракчылык", "унаа каражаттарын ээлеп алуу", "адам уурдоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми уурдалган унаа Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринен табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dadin2
2014-12-05 12:21:21
Экс Мэрдин 19 жаштагы баласы мындай кымбат унаага акчаны кайдан тапты экен?Прокуратура бир териштирип чыкса жакшы болот эле Исаны актап чыгарбай?
0
nuru95kg
2014-12-05 15:46:02
meenet m.n alsa dele bolot biroonun mawinasyna koz artkandar dy jaman korom, misaly ozumda iwtep algam biro 1 som kowkon jok
0
brend007
2014-12-05 18:41:56
nuru95kg, попутый мактанып алдын го иним
-1
Looks
2014-12-05 22:42:52
brend007, класс. В точку попал
-1
erikkarakulja
2014-12-05 19:53:00
Оо арзан уна эмес.менимче бул карактаган балдар эл учун кылышыптыр жегенин чыгарсын деген ойдо Э.М.И.О.ту
-1
Looks
2014-12-05 22:44:05
erikkarakulja, байкеси эки адамдын олумуно себепкер болгон убагында. Жоопко тартылган эмес
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан