Футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курамасы Азия чемпиондугунун тандоо турунда “В” тайпасынан орун алды

Кечээ, 4-декабрда 23 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн курама командалардын арасындагы Азия чемпиондугунун чүчү кулак таштоо аземи болду. Анда 43 курама команда жалпысынан 10 тайпага бөлүндү. Чүчү кулактын жыйынтыгына жараша Кыргызстан жаштар курамасы тайпада Иордания, Кувейт, Пакистан, Түркмөнстан курамалары менен “В” тайпасында орун алды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты маалымдайт.  

Маалыматка ылайык, тайпалык баскычтан кийинки баскычка 10 тайпанын жеңүүчүлөрү жана тайпада мыкты жыйынтык менен 2-орунду ээлеген командалар чыгат. Мелдештин финалдык баскычы 2016-жылы Катарда өтөт.

Тайпалар:

“А” тайпасы: Ирак, Оман, Бахрейн, Ливан, Мальдив аралдары

“В” тайпасы: Иордания, Кувейт, Кыргызстан, Пакистан, Түркмөнстан

“С” тайпасы: Сауд Арабиясы, Иран, Непал, Палестина, Ооганстан

“D” тайпасы: БАЭ, Йемен, Тажикстан, Шри-Ланка

“Е” тайпасы: Сирия, Өзбекстан, Индия, Бангладеш

“F” тайпасы: Австралия, Мьянма, Тайбэй, Гонконг

“G” тайпасы: Түндүк Корея, Таиланд, Комбоджа, Филиппин аралдары

“Н” тайпасы: Түштүк Корея, Индонезия, Чыгыш Тимор, Бруней

“I” тайпасы: Япония, Малайзия, Вьетнам, Макао

“J” тайпасы: Кытай, Лаос, Сингапур, Монголия

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Uli6886
2014-12-05 10:39:47
Эмнеге кээ бирги тайпаларда командалардын саны 4 болсо, башка тайпаларда бул корунуш 5ти корсоту турат????
0
Nursss_Real_Madrid
2014-12-05 11:09:43
Uli6886, Анткени команда коп ошого
0
janybek93
2014-12-05 11:09:40
запад восток деп болууп турат кыргыздан западка кирип турат
0
Nursss_Real_Madrid
2014-12-05 11:10:58
Кыргызстан слабый командаларга туш келиптир. Эгер группадан чыкпай калса билбейм анда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан