Орусияда “мекендешин арматура менен сабап, акча талап кылган” деген шек менен эки кыргызстандык жаран кармалды

Орусияда “мекендешин арматура менен сабап, акча талап кылган” деген шек менен эки кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 5-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, 1-декабрь күнү Орусиядагы Кыргызстандын өкүлчүлүгүнө кыргыз жараны кайрылган. Анда ал 2013-жылдын декабрь айында Манас, Медя, Рус, Медетбек аттуу чала тааныш адамдар токойго алып барышып, арматура менен сабап, акча талап кылышканын айткан. Анын кесепетинен денесинен оор жараат алып, ооруканага жатып чыккан. Кийин Кыргызстанга кайтып келип, кайра Орусияга кеткен. 2014-жылдын 19-ноябрында аталган жарандар дагы тамагына отвертка такап, акчасын алып алышкан. 

Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Ж.М. жана 1991-жылы туулган Н.М. аттуу жарандар кармалышкан. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
maksymtegin
2014-12-05 11:49:34
ооой кыргызды кыргыз тоноп жатса бул эмне деген шумдук
+3
faha
2014-12-05 12:09:11
Akmaktar!!!
+2
aruuzat88
2014-12-05 12:40:30
Чет жерде бирин бири колдоонун ордуна,кылган иштерин кара жаш эле жигиттер экен,иш десе ишке тойбогон убактары,оной акча тапкысы келген го,жегендин кусмайы бар дешет,эми жазанарды алгыла.
+2
Emil0279
2014-12-05 12:43:08
Озубуздун кыргыздардан коркосун. Мындайлар толтура москвада. Кыргызстандан качып барган жалан преступниктердин баары барып алып иштебей эле кечиндеси кадимеидей эле озубуздукулорго жортуулга чыгат
+2
gerakl
2014-12-05 13:01:49
Иттер!
+3
doni89
2014-12-05 14:01:02
Ушинтип өзүзбүздүн кыргыздар кыргызды корлосо башка улуттарда жөн койбойт акмак экенго алар.Бир туугандай жүрөлүчү кыргыздар бөөтөн жерде.
+2
Zarema94
2014-12-05 18:27:39
Жаштардын кобу каракчы болуп кетишуудо, бул Мекенибиздин келечегине ч0н зыян келтирет...
0
altai86
2014-12-05 19:02:37
Москвада бундай нерселер толтура эми 1 чисин кармаптырбы кыргыздар кыргызга гана алы жетет 1о адамдын ичинен бироо созуз мыйзамдагы ууру болуп чыгат кыргызым качан бири бирин колдоор кун келет экен.
0
erikkarakulja
2014-12-05 19:44:22
Кыргыздын атын булгап ушуга окшогондор,иттер ушундай нерселерден анан кара тизме ачылдыда,карагылачы Бир кыргыздын айынан баарыбызга жалаа койулууда.Акмактар десе.
+1
Nurtilek001
2014-12-05 19:46:04
иштеп эмгек кылгылары келбей оной акчага кызыгышат
0
taku0214
2014-12-06 00:14:00
Акмактар. Кармалганы жакшы болуптур. Дагы канча адамды тоношот эле.
0
nuri.kg777
2014-12-06 00:25:52
Акмактар, арам тамак жеп конуп калышканго, АЛЛАХ жазанарды берсин.
0
GULZAT.83
2014-12-06 22:36:20
жазасын алышсакен уяты жоктор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан