Бишкекте 2 жашар ымыркайды уурдаган айым кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 5-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 4-декабрь күнү жаш келин баласы менен дүкөнгө барган. Анда баласы ойноп сыртта калып калган. Келин бир канча убактан кийин чыкканда баласы жок болгон. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келишип, кылмышка шектүүнү изи сууй электе кармашкан. Ал 1979-жылы туулган Чүй облусунун тургуну болгон.