Ысык-Көлдө балык уулаганга кеткендердин дайыны дале белгисиз болууда

Ысык-Көл районунда 29-ноябрь күнү саат 15:00 чамасында балык уулаганга чыгып кетишкен эки адамдын тирүү же каза болгондору белгисиз бойдон калууда. Аларды издөө иштери 29-ноябрдан бери кызуу жүрүүдө. Кечээ аба ырайы суук, туман каптагандыгына байланыштуу издөө иштери токтотулган болчу. Ал эми бүгүн аларды издөө иштери кайрадан улантылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда SUPER.KG порталына ӨКМнын басма сөз кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

Дайынсыз болуп жаткан Чоң-Өрүктү айылынын 1966-жылы туулган тургуну Эмил Ашыровду жана 1967-жылы туулган Ишен Алмабековду издөөгө 60ка жакын киши тартылган. Алардын ичинде эки жарандын туугандары, айыл өкмөттүн өкүлдөрү жана ӨКМнын кызматкерлери да бар”,- дейт А.Бекилов.  

Эске салсак, изделип жаткан эки жаран 29-ноябрь күнү балык уулаганга кеткен бойдон дайынсыз болууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ariet7
2014-12-05 23:36:08
ии кудай аман эсен эле болушса экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан