Бишкек шаарында унаа жуучу жайга унаасын таштап кеткен кардардын машинасын айдап чыгып жол кырсыгына кабылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 3-декабрь күнү милиция кызматкерлерине арыз менен шаардын Ш.Роман аттуу тургуну кайрылган. Анда ал саат 16:30 чамасында Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаасын борбордогу Киев көчөсүндөгү унаа жуучу жайлардын бирине тазалатканга таштаганын жана ошол жайдын жумушчусу айдап кетип жол кырсыгына кабылганын айткан. Иликтөө иштеринин натыйжасында ал унааны 34 жаштагы С.Нурдин аттуу жумушчу өз иштерин бүтүрүү үчүн айдап кетип жол кырсыгына кабылганы аныкталган. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.