Бишкек-Кемин унаа жолундагы жол кырсыгынан 21 жаштагы кыз каза болду

Бишкек-Кемин унаа жолунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 21 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, жол кырсыгы 4-декабрда саат 13:10 чамасында Бишкек-Кемин унаа жолунун 60-чакырымында катталган. Тоң районунун 36 жаштагы айдоочусу Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү унаасынын рулун башкара албай, унаасы ала салып кеткен. Анын кесепетинен 17 жаштагы Айдай аттуу жүргүнчү оор жаракаттарды алып ооруканага түштү, ал эми 21 жаштагы Уулжан аттуу жүргүнчүсү Токмоктун ооруканасынан каза болду. Учурда бул иш боюнча чогултулган материалдар жергиликтүү тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, иликтөө иштери жүрүүдө.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан