16 жаштагы кыргыз футболчу Ильзат Ахметов Орусиянын Премьер-лигасында дебют жасады

16 жаштагы кыргыз футболчу Ильзат Ахметов Орусиянын Премьер-лигасында татарстандык “Рубиндин” курамында дебют жасаган эң жаш футболчу болуп калды. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, жарым коргоочу катары ойногон И.Ахметов октябрь айында “Мордовия” менен оюнда майданда 5 мүнөт, андан соң 3-декабрь күнү “Зенит” менен оюнда жарым саат өткөрдү.

Кошумчалай кетсек, Ильзат Ахметов 1997-жылы 31-декабрда Бишкек шаарында төрөлгөн. Башта “Алга” футболдук клубунун академиясында машыгып, кийин Орусияга жөнөгөн. 

16 жаштагы кыргыз футболчу "Рубиндин" курамында Орусиянын Премьер лигасында ойноп жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Mamalak89
2014-12-05 17:48:58
Азамат Ильзат!!! Ден соолук берсин Кудайым,ийгилик сага!!!
0
jigit.paren
2014-12-05 17:56:27
ушундай Ильзат анан барселонадагы Эрбол Атабаевтер чонойуп Кыргыз футболун онуктуроор деп ишенип турам.
0
brend007
2014-12-05 18:10:07
Азаматсын. Ийгилик
0
Chikus93
2014-12-05 22:12:28
Эч ушу футболго кызыкпайм да,ошол учун эч нерсе тушунбодум,жарым саат,5 минута ойногону эмнеси?
0
Айпери Ганыжан кызы
2014-12-06 19:36:35
Chikus93, футболдо негизи 90 мүнөт убакыт берилет. Футбол талаасына 11ден футболчу жиберген командалар бул убакыт ичинде үчтөн оюнчуларын алмаштыруу укуктарына ээ. мекендешибиз да оюн учурунда машыктыруучу тарабынан алмашууга чыккан...
0
Altysh_Boldush
2014-12-06 03:36:17
Жакшы жанылык. Ийгилик кыргызстан алга кыргызстан алга! Онуго бер особер кыргызым
-1
kama_future_millioner
2014-12-06 03:41:20
Ийгилик
+1
PATRIK-GOLD
2014-12-06 18:57:53
Данк!
0
stranik
2014-12-06 21:16:34
красавчик удачи
0
Ruslan_d
2014-12-09 20:59:13
Азаматсын сага данк! Ушундай футболчуларды чакырыш керек улуттук курамага.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан