Баткенде Облустук жана Шаардык кургак учукка каршы борборунун кызмат адамдары “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу” жана “шалаакылык” боюнча айыпталышууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 5-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, Сүлүктү шаардык жана Облустук кургак учукка каршы борборунун кызмат адамдары тарабынан медициналык каражаттар негизсиз эсептен чыгарылып, 465 миң сомду ээлеп алышкан. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.