Бишкекте уурулукка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 5-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 4-декабрь күнү милиция кызматкерлерине 29 жаштагы Ак-Ордо жаңы конушунун тургуну кайрылган. Анда ал үйдө эч ким жок кезде белгисиз адамдар киришип, алтын жасалгаларын, үй-оокаттарын алып кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Ала-Тоо жаңы конушунун 30 жаштагы жана Фрунзе айылынын 22 жаштагы тургуну кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.