Бир канча карактоо фактысына шектелген кылмыштуу топ кармалды

Бир канча карактоо фактысына шектелген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 5-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында кылмышка шектүү катары 3 жаран кармалган. Алардын экөө мурда да сот жообуна тартылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө алар өлкө аймагында болгон карактоо фактысына шектелүүдө. Алсак, 2014-жылдын февраль айында Кытайдын жаранына кол салышып, 20 миң доллар жана 50 миң сомун алып кетишкен. Ошондой эле аталган кылмыштуу топ Ош шаарынын тургунунун үйүнөн 6 миллион сом уурдап кетишкен.

Кылмыштуу топтун башчысын кармоо учурунда ал качып кетүүгө үлгүргөн. Учурда аны кармоо иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан