Кара-Суу районунда 48 жаран Сирия, Ооганстандагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн кеткен. Бул тууралуу аталган райондун Ички иштер башкармалыгынан бүгүн, 5-декабрда билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүнкү күнү Кара-Суу районунда 175 жаран диний-экстремисттик агымдардын мүчөсү катары каттоодо турат. Алардын ичинен 73 жаран “экстремисттик материалдарды таркатуу” беренеси боюнча сот жообуна тартылышкан. Каттоодо тургандар “Хизбут-Тахрир”, “Ваххабизм”, “Ахмадия”, “Салафизм” диний агымдарынын мүчөлөрү болуп саналышат.