Петропавловск-Камчатка шаарында болуп өткөн волейбол оюнунда кыргызстандык команда 3-орунду ээледи

Петропавловск-Камчатка шаарында 30-ноябрдан 4-декабрга чейин "Звёздный" спорт-комплексинде СССРдин волейболчусу Анатолий Таранцанын урматына 20-жолу эркектер арасында волейбол оюну боюнча таймаш болуп өттү. Анда Хабаровск шаарында жашап-иштеп, окуп жүргөн кыргызстандык оюнчулардын командасы 3-орунду ээлешти. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда SUPER.KG порталына оюнду уюштуруучулардын бири Гүлдөй Разакова билдирди. 

"Оюнга Камчатка шаарынан, алыскы региондордон келген жана Хабаровск шаарында жашап-иштеп, окуп жүргөн кыргызстандык оюнчулар Кыргызстандын атынан ат салышты. Оюн 5 күн бою абдан кызуу темпте өттү. Кыргызстандын атынан чыккан мырзалар эң мыкты оюн көрсөтө алышты десем да болот. Оюнчулардын учакка жол акыларын, жашоо шарттарына Хабаровск шаарындагы КРнын ыйгарым өкүлү Кадырбек Мырзабаев көмөк көрсөттү. Оюнга команданын башкы машыктыруучусу Рысбек Эшбаев, команданын капитаны Учкун Маралов жана оюнчулар Нурсултан Абдрахманов, Ибрагим Кадырбеков, Алыбек Акынбеков, Каныбек уулу Оңолбек, Жумабек Ажыбеков, Учкун Маралов, Самарбек Бекбердиев жана Азизбек Наралиевдер катышты. Алар Камчатканын эң күчтүү делинген 5 командасын артка калтырып, финалга чыгышты",- дейт Гүлдөй Разакова.

Маалым болгондой, оюндун жыйынтыкталуучу күнү Кыргызстандын атынан чыккан команда орусиялык команда менен беттешип, натыйжада 3-орунду ээледи. Баса белгилеп кетчү нерсе, спорттук оюн өткөн “Звёздный” спорттук залы кыргызстандык куруучулар тарабынан салынган.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Erka_kg
2014-12-05 19:46:33
Алабуканын азаматтарыго
0
zhusaliev89
2014-12-05 19:48:51
Бул команда Кыргызстан кучтуу командасыго
0
Erka_kg
2014-12-05 19:59:42
Оа Кыргызстандыкы
0
temirov76
2014-12-05 21:30:15
Азаматтар,кыргыздын атыны чыгарыптырлар да,мындан ары да ийгиликтерди жарата беришсиндер.
0
kadamjai1977
2014-12-05 23:29:18
Алга кыргызстан.
0
kg.alabuka
2014-12-05 23:46:40
Колунарга кол байпак,бутунарга жун байпак.Азаматсынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан