Ошто авиабилеттерди сатуу менен алектенген жеке компаниялардын биринин кызматкери "260 миң сомду мыйзамсыз өздөштүрүп алган" деп айыпталууда. Муну бүгүн, 6-декабрда Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда аталган фактынын бети ачылган. Ош ШИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин 2-пункту (ишенип тапшырылган мүлктү өздөштүрүп алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө жүрүп жатат.