Бишкекте банктардын биринин кызматкери кардардын 10 миң долларын өзүнүн эсебине которуп алган

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын 5-башкармалыгынын кызматкерлери ири суммадагы акчага байланышкан алдамчылык фактысынын бетин ачышты. ИИМ билдиргендей, кылмышка банктардын биринин кызматкери шектелүүдө. Ыкчам иликтөө учурунда төмөнкү факт белгилүү болгон:

2014-жылы банктардын биринин кардарлар менен иштешүү бөлүмүнүн менеджери өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Тактап айтканда, банктын жооптуу кызматкери депозиттик эсеп боюнча жашыруун маалыматтарга кирип, кардардын эсебиндеги 10 000 долларды өзүнүн жеке эсебине мыйзамсыз которуп алган. Мындай иштерден кийин банк кызматкери изин жашырып кетүүгө үлгүргөн.

Факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жарандын жүргөн жерин аныктоо жана аны кармоо иштери жүрүүдө.      

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Aksy-13
2014-12-06 18:22:07
шылуунго акмак, бироонун байлыгына коз артпоо керек
+2
taku0214
2014-12-06 18:41:45
Акчаны банкка сакташ кооптуу болуп калган го.
0
asanbai89
2014-12-06 19:56:31
Эми банктарга да ишенич жоголду
+2
Nuri-Alina
2014-12-06 22:14:06
Банка топтоштонда коркуп калат экенсин
-2
Multicam
2014-12-07 14:43:15
Nuri-Alina,
колунда договорун болот банкка акча салганда. Бироо уурдап алабы , тоноп алабы , банк сага толоп берет. Митинг болуп эле , коз боечулук болуп кетбесе.
0
Oceana
2014-12-07 08:32:30
Baardygy ele banktar andai emesta,biroosunda uwundai okuya bolso baardygynda myndai okuya katalbaitta.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан