Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш старт алды
Бүгүн, 6-декабрда Улуттук китепканада Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш старт алды. Салтанаттуу ачылыш аземине Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору Доорбай Миңбаев, КРнын аталган спорт түрү боюнча федерациясынын президенти Камчыбек Касымов жана башкалар катышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 12-декабрга чейин созула турган мелдеш өлкө аймагында тогуз коргоолду өнүктүрүү максатында уюшулууда. "Биз бул спорт түрүн өнүктүрүү үчүн Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунан кошумча 200 миң сом бөлдүк",- деди Доорбай Миңбаев.
Автор: Максат КудайбердиевФото: Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги