6-декабрда КРнын Оор атлетика федерациясынын кезектеги отуруму болуп, жаңы түзүлгөн Бишкек шаардык оор атлетика федерациясынын президенти расмий түрдө бекитилди. Бул иш-чарага Олимпиадага даярдоо борборунун директору
Үсөнкан Майназаров,
Шаардык спорт комитетинин директору
Шейшенкул Бакиров,
КРнын Оор атлетика федерациясынын вице-президенттери
Өмүржан Молдодосов,
Улан Молдодосов жана башка бир катар машыктыруучулар, федерациялардын кызматкерлери катышышты. Жыйынтыгында Шаардык оор атлетика федерациясынын президенттигине талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан
Нурбек Тотоновду чогулгандар бир ооздон колдошту.
Андан соң ага ак калпак кийгизилип, чепкен жабылып, куттуктоолор айтылды, "Токтогул-150" коомдук фонду тарабынан залкар акындын 150 жылдык мааракелик медалы тапшырылды.