Бишкек шаарындагы Дордой жаңы конушунда эки кабаттуу имаратта өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүү учурунда бир өрт өчүрүүчү жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы 6-декабрь күнү саат 15:47 чамасында катталган. Анда эки кабаттуу имаратта өрт чыгып, экинчи кабаты жана чатыры толугу менен күйүп кеткен. Өрттү өчүрүп жаткан учурда өрт өчүрүүчү Марат Жакешев көзүнөн күйүк алып, дарыгерлер тарабынан жардам көрсөтүлгөн.