Кар көчкүдөн улам жабылган Бишкек-Ош унаа жолу ачылды

Кар көчкүдөн улам жабылган Бишкек-Ош унаа жолу ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 7-декабрь күнү саат 15:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымында болжол менен көлөмү 1000 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган. Кар көчкүнү тазалоого 1 даана жүктөгүч жана 1 грейдер тартылып, унаа жол каттамы саат 21:30да толугу менен ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан