Казарман - Нарын жана Ала-Бука - Жаңы-Базар - Киров унаа жолдору каттамдар үчүн ачык. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 8-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 7-декабрь күнү саат 18:30 чамасында Казарман - Нарын унаа жолунун 45-47-чакырымында болжол менен 800 метр куб кар көчкүсү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган. Кар көчкүнү тазалоого 1 даана бульдозер жана 1 жүктөгүч тартылып, саат 22:20да унаа жолу толугу менен тазаланып, ачылган.
Ошондой эле 7-декабрь күнү саат 15:40 чамасында Ала-Бука - Жаңы-Базар - Киров унаа жолунун 88-чакырымындагы Кыз-Булак чегинде болжол менен 500 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган. Тазалоого 1 даана бульдозер тартылып, саат 17:30да унаа жолу толук ачылган.