“Бишкек Асфальт Сервис” муниципалдык ишканасынын директорунун кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталды

“Бишкек Асфальт Сервис” муниципалдык ишканасынын директорунун кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган ишкананын директору А.М.К. өз пайдасы үчүн ишкана түзүп, аны башка адамга каттаткан. Кийин ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу аркылуу өзү түзгөн ишкана менен жалган келишим түзүп, 1 тонна асфальт-бетон аралашмасын 689 сомдон саткан. №25-жолдорду эксплуатациялоочу ишканага алынган аралашманын тоннасы 3445 сомдон сатылган. Мунун кесепетинен мамлекет 3 миллион сомдон ашык зыян тарткан. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
shukran
2014-12-08 19:10:48
emnege atyn toluk jasbaisynar.
0
admin_superstan
2014-12-09 10:12:27
shukran, саламатсызбы!
Кабарда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы берген маалымат толугу менен жарыяланган.
Ошондой эле кээ бир кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү укук коргоо органдарынын уруксаты менен аталат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан