Бүгүн эртең менен Казарман – Нарын унаа жолуна кар көчкү түшүп, убактылуу жабылды

Казарман – Нарын унаа жолу кар көчкүдөн улам убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 8-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 7-декабрь күнү саат 18:30 чамасында аталган жолдогу Кара-Көө ашуусуна болжол менен 800 метр куб кар көчкүсү түшүп, жол убактылуу жабылган. Кар көчкүнү тазалоого 1 бульдозер жана 1 жүктөгүч тартылып, саат 22:20да унаа жолу толугу менен тазаланып, ачылган эле. Бирок бүгүн эртең менен 500 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жол убактылуу жабылды. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан