Таяк тартыш спорту боюнча өткөн Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандыктар 4 медаль утуп келишти

Кыргызстандык спортчулар Орусиянын Якутск шаарында 29-30-ноябрь күндөрү өткөн таяк тартыш спорту (масс-рестлинг) боюнча Дүйнө чемпиондугунда 4 медаль утушту. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда маалымат жыйынынын жүрүшүндө аталган спорт түрү боюнча федерациянын негиздөөчүсү Арстанбек Илебаев билдирди. 
Анын айтымында, мелдешке 35 мамлекеттен 200 спортчу катышкан. Кыргызстандын курамына кирген жалпы 8 спортчу түрдүү категорияларда 4 медаль тагынды. Атап айтсак, Вячеслав Абросимов (105 килограмм салмакта) менен Сергей Долгалев (125 килограммдан жогорку салмакта) күмүш медалдарды утушса, Ольга Шайнурова (85 кг) менен Руслан Сахбетов (75 кг) коло медалдарды багындырышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан