Сузакта ички чарбалык жолдор кар тазалоочу техниканын жоктугунан жабык турат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 8-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, 7-8-декабрь күндөрү тынымсыз жааган кардан Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Кашка-Терек – Кызыл-Кыя ички чарбалык жолунун 14 чакырым аралыгында 7-декабрдан 8-декабрга караган түнү шамал болуп, күрткүнүн кесепетинен Кашка-Терек - Кыз-Көл ички чарбалык жолу жабылган. Аталган жол Кыз-Көл айыл аймагынын балансында турат. Тазалоо иштери техниканын жоктугунан улам баштала электигин айыл аймактан билдиришкен.
Андан сырткары Сузак районунун Кара-Алма айыл аймагына караштуу Жалал-Абад - Орток унаа жолунун 40-чакырымынан 50-чакырымына чейин 7-декабрдан 8-декабрга караган түнү шамал болуп, күрткүнүн айынан унаа жол каттамы токтогон. Аталган унаа жол №52-жолдорду эксплуатациялоо мекемесинин балансында турат. Тазалап жаткан бульдозер бузулуп калгандыгына байланыштуу тазалоо иштери токтоп калган.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 2014-жылдын 8-декабрында атайын жыйын өткөрүп, аталган аймакка тез арада техника бөлүп берүү боюнча министрдин орун басары Равшан Рысбаевге тапшырма берди. Натыйжада КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абаддагы механизациялаштырылган базасынан 1 даана бульдозер бөлүнүп берилди. Сузак райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан техниканы жол жабылган аймакка жеткирип баруу иштери уюштурулууда.