Чым-Коргондогу мектеп директору дене тарбия мугалиминин 11-класстын окуучусун сабап салганы үчүн кызматынан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, дене тарбия мугалими 11-класстын окуучусун сабап салган. Анын кесепетинен мектеп окуучусу ооруканага жаткан. Учурда Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына сөгүш берилип, мектеп директору кызматынан алынган. Ал эми дене тарбия мугалими боюнча иликтөө жүрүүдө.
Алдын ала маалыматтар боюнча, окуучу кыздардын шакегин алып алган. Мындан улам кыздар мугалимге ыйлап келишкен. Мугалим окуучуну чакырып, кийим кийүүчү жерден сабаган.