Беловодск мектеп-интернатынын директору Нурлан Ташкулов кызматынан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрында аталган мектеп-интернаттын окуучусу качып кеткен. Анын качып кетишине директордун ур-токмокко алганы себеп болгонун өлкөдөгү айрым массалык маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып жазып чыгышкан эле.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, мектеп директору 5-декабрда кызматынан алынган. Учурда убактылуу директорлук милдетти Ж.Сулайманов аркалоодо.
Айта кетсек, мектеп-интернатында 11 жаштан 15 жашка чейинки 30га жакын бала окуйт.