Каракол-Ак-Суу аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча башкармалыгынын кызматкери 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 8-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган кызматкер жергиликтүү тургунга жер тилкесин каттоо боюнча маселени оң жакка чечип берүүнү убада кылган. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.