Жалал-Абад облусунда спортзалды курууда мамлекетке 16 миллион сом зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кара-Көл шаарындагы мектептердин бирине спортзал салууда жана ичүүгө жарактуу суу менен камсыздоодо “Эл эмгек-Гидрокурулуш”, “Имара-Каган”, “ЗСМ” ишканаларынын кызмат адамдары мыйзамсыз иш-аракеттер аркылуу мамлекеттин 16 миллион сом акча каражатын ээлеп алышкан. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.