Аламүдүн районунда “унаа уурдап, үйлөрдү тоноп жүргөн” деген шек менен 3 жаран кармалды

Аламүдүн районунда “унаа уурдап, үйлөрдү тоногон” деген шек менен 3 адамдан турган топтун мүчөлөрү кармалышты. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандар көчөдөгү кароосуз турган унааларды уурдоо менен алектенип келишкени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, ушул жылдын 2-ноябрында Аламүдүн РИИБине арыз менен жергиликтүү тургун кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар короосунда турган Ауди-80 үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин айткан. Иликтөө иштеринин алкагында жергиликтүү унааны тетиктерге бөлүп сатуучу жана жабык унаа токтотуучу жайлардын баары текшерилген. Кийинчерээк бул ишке тиешеси бар 36, 18 жана 20 жаштагы 3 жаран кармалган. Андан сырткары кармалган жарандар Аламүдүн районундагы үйлөрдүн бирине кирип, 2 велосипед жана тиричилик техникасын алып кетишкен. Андан көп өтпөй дагы бир үйдөн аудиотехника жана 50 миң сомдук зер буюмдарды уурдап кетишкен. Учурда кылмышка шектүүлөр 6 унаа уурдаганын жана 3 үй тоногонун моюнуна алышкан. Бул боюнча кылмыш иштери козголуп, кылмышка шектүүлөр камакка алынышты. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aksy-13
2014-12-08 18:54:57
Жашабагырлар .Андай женил оокатка уйронгончо жаш эле экенсинер,иштебейсинерби. Бироонун мээнетин оной эле синирип алабыз дешкен да. Козоо кундо сынбайт, бир кундо сынат деген ушундай
0
aiba_00
2014-12-09 10:09:27
Бироосунун козу жабык да, бироосунунку ачык, ууруларда элге коргозуш керек, бул кишилерден жабыркагандар коп болуш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан