Ош облусунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 7-декабрь күнү Ош-Өзгөн унаа жолунда болгон. Анда Опель унаасы менен Дэу Тико унаасы сүзүшүп, экинчи унаанын айдоочусу каза тапкан. Учурда экспертизалар дайындалып, кырсыктын себеби иликтенүүдө.