Ысык-Көлдө балык уулаганга кетип, дайынсыз болуп жаткан эки жаранды издөө иштери аба ырайына байланыштуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда SUPER.KG порталына ӨКМнын басма сөз кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов билдирди.
Маалым болгондой, изделип жаткан Чоң-Өрүктү айылынын 48 жаштагы Эмил Ашыров жана 47 жаштагы Ишен Алмабеков аттуу тургундары табыла элек. Аларды издөө иштери 29-ноябрдан бери жүрүп, аба ырайына байланыштуу 4-декабрда токтотулган. Издөө иштери 5-декабрь күнү кайра улантылган.