Бүгүн, 9-декабрда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тайпалык бакычынын акыркы турлары болот. 6-тур оюндарынын алкагында “А”, “В”, “С” жана “D” тайпаларында экиден беттештер орун алат. Башкы беттештердин бири “А” тайпасында италиялык “Ювентус” менен аталган лиганын акыркы сезондогу финалчысы “Атлетиконун” ортосунда болот. Ошондой эле “В” тайпасында “Ливерпуль” менен “Базель” өз ара ойноп, кийинки турдун жолдомосун талашышат. Беттештер Бишкек сааты боюнча 00:45те башталат.
“А” тайпасы
“Ювентус” (Италия) – “Атлетико” (Испания)
“Олимпиакос” (Греция) – “Мальмё” (Швеция)
“В” тайпасы
“Ливерпуль” (Англия) – “Базель” (Швейцария)
“Реал” (Испания) – “Лудогорец” (Болгария)
“С” тайпасы
“Монако” (Франция) – “Зенит” (Орусия)
“Бенфика” (Португалия) – “Байер” (Германия)
“D” тайпасы
“Галатасарай” (Түркия) – “Арсенал” (Англия)
“Боруссия” (Германия) – “Андерлехт” (Бельгия)