Борбор калаада "бир нече уурулук фактысына тиешеси бар" деген шек менен шаардын тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен 18 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал борбордогу кафелердин биринен белгисиз жарандар ал жактагы видеокамераны уурдап кетишкенин айткан.
Свердлов районунун ыкчам аракет кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 46 жаштагы Бишкектин тургуну кармалды. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кармалган адамдын 3 уурулук фактысына тиешеси бар экени аныкталды. Учурда тергөө амалдары улантылууда.