Ошто жаш энени “никеси жок төрөгөнүңдү айтам” деп коркутуп, баласын тартып алган аял кармалды

Ошто жаш энени “никеси жок төрөгөнүңдү айтам” деп коркутуп, баласын тартып алган аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Чоң-Алай районунун 19 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал 28 жаштагы М.К. аттуу аял коркутуу жолу аркылуу жаңы төрөлгөн ымыркайды өзүнө каттатып алганын айткан.

Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, анын негизинде чынында эле арыздануучу Оштогу жеке клиникалардын биринде бала төрөгөнү аныкталган. Жаш энени М.К. аттуу аял “никеси жок төрөгөнүңдү туугандарыңа айтам” деп коркутуп, баланы 10 миң сомго сатып аларын айткан. Ошондой эле ал жеке клиникага төрөт учурундагы чыгымдардын баарын төлөгөн. Андан соң жасалма документтер аркылуу баланы өзүнө каттатып, убада кылган акчасын бербей жаш энени жолуна салган.

Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Uli6886
2014-12-09 09:18:14
Камаш керек
0
Azi.k.
2014-12-09 09:24:07
Камаш керек мындай ниети бузук адамдарды
0
beka88
2014-12-09 09:41:06
шумдугун кургур
0
aiba_00
2014-12-09 09:45:20
Акчаны бергенде унчукпай жолго тушот беле, баланы озуно жаздырып алганчакты, суйлошуулор журду да, баарына макул болду да ошол кезде, акча бербей койгондо милицияга кайрылганба? же материнское инстинги ойгонду бекен.
+4
FSB
2014-12-09 13:51:33
Ekoono ten kylmysh ishi kozgolush kerek.
0
Feijipiao
2014-12-09 15:57:44
Ооба экоондо тен куноо.Кыздын башы жок экен никесиз тороп дагы баласын сатам дегенине балее барбы.Мин коркутса дагы озум карайм деш керек эле.
0
Aksy-13
2014-12-09 16:34:07
никесиз торосо кантип багам деген да анан акчага алданган болсо керек
0
nuri.kg777
2014-12-09 19:56:34
Кыз байкушту коп айыптабагыла, балким ал да бироонун курмандыгы болгондур, анын устуно кыз жаш экен. Эгер кыз ушунчалык эле ымыркайдан кутулгусу келгенде, ошол 10минге деле карабай кетмек изин жашырып. А тигил аялга АЛЛАХ озу жазасын берсин.
0
GULZAT.83
2014-12-10 00:34:27
Кудай озу сактасын жаман кылыктардан кыздарды!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан