Каракол шаарында жасалма акциздик марка чапталган алкоголдук продукция табылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, рейддин жүрүшүндө кампадан жасалма акциздик марка чапталган алкоголдук продукция табылып, анын тийиштүү уруксат кылынуучу документтерсиз сатылгандыгы тастыкталган. Бардыгы болуп 475 миң сомдон жогору бааланган 5892 бөтөлкө алкоголь алынды. Салыктык текшерүүнүн материалдары тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди.