Кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иш-чаралары башталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, министрликтин Гидрометеорология боюнча агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-267-чакырымдарында жана Ош облусундагы Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында кар көчкүсү күтүлөт. Мындан улам 9-декабрдан 12-декабрга чейин кар көчкүлөрүн атайылап атып түшүрүү иш-чарасына КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын 20636-аскер бөлүгүнөн (Балыкчы шаарындагы) жана КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын 36806 (Ош шаары) аскер бөлүгүнөн артиллериялык топ тартылды.
Аталган иш-чараны аткаруу максатында Балыкчы шаарында уюшулган артиллериялык топ 2014-жылдын 9-декабрында саат 07:10до жолго чыкты.
Ал эми Ош шаарында артиллериялык топтун жолго чыгуу даярдыгы жүрүп жатат.
Кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү иш-чаралары жүрүп жаткан учурда Бишкек-Ош унаа жолу жана Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолу убактылуу жабылат. Ошого байланыштуу министрлик жарандарга аталган унаа жолдору аркылуу жолго чыкпай турууну эскертет.