Бишкек шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кызмат адамдарына 3 кылмыш иши козголду

Бишкек шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кызмат адамдарына 3 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2005-жылдын 6-июнунда Бишкек шаарынын мэриясынын токтомунун негизинде Москва жана Үсөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуп бүтө элек соода-тейлөө борборунан Т.И. аттуу жаранга 0,0238 гектар жер тилкеси жеке менчикке, 0,0051 гектар жер тилкеси 5 жылга убактылуу пайдалануу үчүн берилген. Ошол эле жылдын сентябрь айында ал жер тилкеси “Азия универсал банк” ишканасынын карамагына өткөн. Кийин 2009-жылы аталган ишкана менен мэриянын ортосунда кайрадан келишим түзүлүп, ага ылайык, ижара мөөнөтү 2010-жылы бүтмөк. Ушул убакка чейин башкармалыктын кызмат адамдары тарабынан аталган жер тилкесин Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүү, колдонгон убактардагы карыздарды төлөтүү боюнча иштер жүргөн эмес. Мындан улам ижарачылар мэрияга акча төлөбөстөн, мыйзамсыз пайдаланып келишкен. Учурда аталган башкармалыктын кызмат адамдарына кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан