Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, Кант шаарында кампанын 420 чарчы метр чатыры күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 9-декабрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарындагы үйлөрдүн биринин жанынан Ауди-А4 үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын пайдаланууда эреженин бузулушу себеп болгон. Ушул эле Кант шаарындагы Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жыгач устундуу, шифер жабылган 420 чарчы метр кампанын чатыры, ичиндеги 3500 түк чөп, 1000 түк саман толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан