Жайыл районунда адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, 2013-жылдын январь айында Кара-Балта шаарында киши колдуу болуп каза тапкан адамдын жансыз денеси табылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүүгө издөө жарыяланган. Кечээ, 8-декабрь күнү шектүү катары 30 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.