Токмок шаарында зордуктоого шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, Токмок шаарындагы окуу жайлардын биринин студенти милицияга кайрылган. Анда ал чала тааныш эки бала күч колдонуп, кезектешип зордукташканын айткан. Учурда кылмышка шектүүлөр кармалып, милиция бөлүмүнө алынып келинди. Тергөө амалдары жүрүүдө.