Араван районунда карактоо фактысына шектүү катары 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында аталган райондун 58 жаштагы тургуну кайрылган. Анда үй ээсин карактоо аркылуу баалуу буюмдарды алып кетишкен. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага кайрылган. Учурда кылмышка шектүү катары 32 жана 26 жаштагы эки жаран кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.