Милиция кызматкерлерине мас абалында каршылык көрсөтүп, алар менен мушташкан Чүйдүн тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 8-декабрда милиция кызматкерлерине чакыруу түшкөн. Анда мас абалдагы бир жаран көчөдөн ары-бери өткөндөргө тийишип, кыйкырынып, сөгүнүп жаткандыгы айтылган. Чакырылган дарекке келген милиция кызматкерлери ал жаранды тынчтыкка чакырган учурда мас жаран аларды сөгүп, мушташып кеткен. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында Чүй районунун 33 жаштагы тургуну райондук милиция бөлүмүнө алынып келген. Учурда ал жаранга карата 234-берене (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.